• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Ыйман, адеп, маданият” темасындагы мыкты телеберүүлөр аныкталды

Маданият 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри С. Жумагулов ыйман, адеп, маданият жылына арналган мыкты телеберүүлөрдүн сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, телесынак республикадагы үй-бүлө институтун чыңдоо, адеп-ыймандык жаңы багыттарды жаратуу, жүрүм-турум жана укуктук маданиятты жайылтууга арналып, санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын Социалдык пакетине кирген республикалык жана аймактык мамлекеттик, коомдук телерадиоуюмдары арасында өткөрүлдү.

Сынактык комиссия телеберүүлөрдү иликтөөнү жана сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоодо журналисттик чеберчилик, материалдардын актуалдуулугу жана коомдук маанилүүлүгү, теманын терең ачылышы, материалдын белгиленген аудиторияга формасынын жана стилинин жооп бериши боюнча критерийлерди жетекчиликке алды.

Телесынакка катышкан республикалык жана аймактык телерадиоуюмдардын ичинен КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” телеканалы, “ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясы, Баткен, Нарын облустук мамлекеттик жана “Ынтымак” коомдук аймактык телерадиоуюмдары тарабынан даярдалган телеберүүлөр мыкты деп табылды.

Жеңүүчүлөргө бир жолку акчалай сыйлыктар, статуэтка жана сертификат берилди.

Пикир

Оставить комментарий