• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата мыкты соцроликтерге жана кыска метраждуу тасмаларга сынак жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти, “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Мыкты социалдык роликтерди тартууга жана даяр роликтер менен кыска метраждуу тасмаларга сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

I-этап.

Мыкты социалдык роликтерди тартуу сынагына катышуунун тартиби:

Сынакка Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого алынган кесипкөй кино студиялар, кинотартуучу топтор, кинорежиссерлор катыша алат.

Жиберилген билдирмелер сынактын тематикасына ылайык жана 3-мүнөттөн ашпаш керек. Сынактын катышуучулары Көркөм-эксперттик кеңештин кароосуна билдирмени коштоо каты менен жиберет.

Билдирмеде камтылган иш-кагаздар:

- роликтин сценарийи;

- роликтин синопсиси;

- роликтин сметасы;

- студиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат;

- авторлор тууралуу маалымат;

- юридикалык же жеке жактарды тастыктаган документтер.

Билдирме салынган конверттин тышки бетинде сценарийдин аталышы, сынакка катышуучунун толук аты жөнү же студиянын аталышы, дареги, электрондук дареги, телефонунун номери камтылышы зарыл.

Мыкты социалдык роликтерди тартуу сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык фондусу катары роликтин тартылышына колдоо көрсөтүлөт.

II-этап.

Даяр роликтер менен кыска метраждуу тасмалар сынагына катышуунун тартиби:

- сынакка Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого алынган кесипкөй студиялар, кинотартуучу топтор, кинорежиссерлор катыша алат;

- тартылып бүткөн социалдык роликтер менен кыска метраждуу тасмалар бет ачары өткөрүлө элек жана коомчулукка тартуулана элек болушу керек;

- даяр социалдык роликтер менен кыска метраждуу тасмалардын жалпы убактысы 5-10 мүнөткө чейин болуш керек;

- даяр социалдык роликтер менен кыска метраждуу тасмалар сынактын тематикасына ылайык келиши зарыл;

- ар бир сынактын катышуучусу даяр тасмасын ДВД, М4В, НД форматында Көркөм-эксперттик кеңештин наамына коштоо кат менен бирге жөнөтөт. Коштоо катта тасманын автору, ээси, чыгармачылык топ тууралуу маалымат камтылышы керек. Коштоо катка фильмге болгон автордук укукту тастыктоочу, республиканын аймагында телеканалдар аркылуу көрсөтүүгө укуктарды далилдеген иш-кагаздар тиркелиши керек.

- даяр социалдык роликтер менен кыска метраждуу тасмалардын баштапкы титринде мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөндөгү маалыматтарды камтылат: 1-кадр: “Ыйман, адеп жана маданият жылына карата”, логотип; 2-кадр: “Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм Министрлиги”, “Кинематография департаменти” (шрифти 1 п. чоң); 3 кадр: өндүрүүчү студия. Соңку титр: копирайт, жыл, студиянын аталышы;

Мыкты даяр роликтер менен кыска метраждуу тасмалар сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык фондусу каралат.

Сынак боюнча жалпы талаптар:

Башка тартипте жөнөтүлгөн билдирмелер кароого киргизилбейт.

Сынакка жонөтүлгөн билдирмелер рецензияланбайт жана кайра кайтарылбайт.

Сынакты өткөрүүнүн тартиптери жана ага катышуунун шарттары тууралуу кеңири маалымат менен КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (http://minculture.gov.kg), Кинематография депатаментинин (http://www.kyrgyzgoskino.org/ru/) жана Кинематографты өнүктүрүү фондунун (http://www.kyrgyzcinema.com/ ) расмий сайттарынан таанышууга болот.

Сынактын мөөнөттөрү: 2016-жылдын 3-мартынан 20-мартына чейин билдирмелер кабыл алынат; 20-марттан 1-апрельге чейин билдирмелер каралып, Көкөм-эксперттик кеңештин чечими кабыл алынат.

Сынактын дареги:

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти.

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көч., 13, тел. 996 312 300141; факс 996 312 301046.

Белгиси: «Кинематография департаментинин Көркөм-эксперттик кеңешине.

Маалыматтар боюнча тел.: 0312 30 10 42, 30 01 41

Пикир

Оставить комментарий