• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылынын” логотибин иштеп чыгууга сынак жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 23-февраль /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин “2017-жылды – Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы деп жарыялоо тууралуу” жарлыгына ылайык, “Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылына” логотип иштеп чыгууга сынак жарыялайт.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сынактын байге фонду 50 миң сомду түзөт.

Маданият министрлиги тарабынан комиссия түзүлдү, ал кароонун жыйынтыгында министрлик тарабынан бекитилген бардык талаптарга жооп берген логотипти тандап алат.

Логотипке коюлган талаптар менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сайтынан толугурак таанышса болот.

Даяр логотип менен сынакка катышууга билдирүүлөрдү кыска мөөнөттүн аралыгында, 2017-жылы 28-февралга чейин Пушкин көчөсү 78, Маданият министрлиги мекемесинин 1-кабаты, 3-кабинетке жеткирүү зарыл. Ошондой эле, ишти iskusstvo_art@mail.ru электрондук дарегине жөнөтсө дагы болот.

Пикир

Оставить комментарий