• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Ыйман" маданий комплекси 1 жыл бою муктаждарды кийим-кече менен камсыздады

Коом 0

Бишкек, 04.01.18 /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Ыйман" маданий комплексинде 12чи ирээт муктаждарга кийим-кечелер таратылды. Бул саамалык ар бир ай сайын уюштурулуп, 2018-жылдан тарта толугу менен бир нукка түшмөкчү. Бул тууралуу аталган мечиттин имам хатиби Ниматилла ажы Рыскулов билдирди.

"Биз жергиликтүү тургундар менен мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче тыгыз иштешип келе жатабыз. 2017-жылдын январь айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 12 ирээт элден кийим топтоп, муктаждарга таратып бердик. Кийимдер жаңы болсо деле, эски болсо деле алып келип, биздин жоопкер адамыбызга тапшырышат. Айдын аягында муктаж адамдарга топтолгон кийим-кечелерди таратып беребиз",- деди Ниматилла ажы Рыскулов.

Пикир

Оставить комментарий