• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ыйык Рамазан айы руханий жаңылануунун символу - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерин Орозо Айт майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды ыйык Орозо Айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ыйык Рамазан айы руханий жаңылануунун символу. Бул мезгилде адамдар өздөрүнүн иштерин жана курчап турган дүйнөгө карата мамилелерин терең ойлонуп, ырайымдуулук, кайрымдуулук жана ынтымак сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктарды карманышат.

Орозо Айтта ар бирибиз камкордуктун жана адамдык мамиленин жылуулугун сезе алгандай жакшылык иштер жасалат.

Орозо Айтта аткарылган соопчулук иштер ислам бул тынчтыктын, жакшылыктын, боорукерликтин жана өз ара жардамдашуунун дини экендигинин ачык мисалы болуп саналат.

Ушул майрам күнү ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык жана бардык башталыштарда ийгиликтерди каалайм!

Өлкөбүздө ар дайым биримдик жана ынтымак болсун! Орозо Айт майрамыңыздар менен!»

Пикир

Оставить комментарий