• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ыкчам иштердин натыйжасында мыйзамсыз сакталган 7 курал алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Республиканын түштүгүндө бир катар ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында мыйзамсыз сакталып жүргөн куралдар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу, Кара-Кулжа, Кадамжай райондорунун жашоочуларынан 5 аңчылык кылуу куралдары алынган, аларда уруксат берилген документтери жок болгон. Ушундай эле иш-чара Чүй облустук Ички иштер органдары тарабынан да жүргүзүлүп, 2 травматикалык мылтык табылган, куралдын ээлеринде алып жүрүүгө уруксат кылынган документтери жок болуп чыккан.

Мындан тышкары, Чүй облусунун Кемин, Сокулук, Чүй райондорунун жашоочулары өз эрки менен аймактык ИИОго 3 аңчылык кылуу куралдарын – ИЖ-17, ТОЗ-63, ИЖ-12 тапшырышкан. Мындан мурда куралдар алардын туугандарына таандык болгон.

Азыркы учурда куралдар лицензиялык-уруксат кылынган иштер боюнча аймактык бөлүмгө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий