• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ыкчам штаб: Эпидкырдаалдын начарлашы ыктымалдыгына даярдык көрүү тапшырмасы берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин республикадагы эпидемиологиялык абал жана калкты эмдөө боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалыматы угулду.

Акыркы суткада 247 коронавирус инфекциясы катталды, алардын көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев калаадагы саламаттыкты сактоо уюмдарында оорулуулар көбөйгөн учурда 400 резервдик орун даярдала турганын билдирди. Учурда дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттарынын жетиштүү кору бар.

Штабдын жыйынында белгиленгендей, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөн бардык адамдар үчүн ПЦР-тесттин жыйынтыгын милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы алынып салынганына байланыштуу өткөрүү пункттарында COVID-19 инфекциясынп карата экспресс-тесттер жүргүзүлөт.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге жана жергиликтүү бийлик органдарына эмдөө өнөктүгүн жана калкка вакцинанын кошумча дозасын берүүнү күчөтүү, ошондой эле өлкөгө «omicron» штаммынын кирүүсү жана жайылышы учурунда саламаттыкты сактоо уюмдарынын оорулардын көбөйүшүнө даярдыгын жогорулатуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий