• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ыкчам штаб: Республика боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын катышуучулары республикадагы коронавирустук инфекциянын эпидемиологиялык абалын, ошондой эле калкты эмдөөнүн жүрүшүн талкуулашты.

Белгиленгендей, учурда Кыргызстан коронавирустук инфекциянын деңгээли боюнча “жашыл” зонада. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы эмдөө өнөктүгүн күчөтүү жана калк арасында тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү экенин белгиледи.

«Жарандарыбыз арасында маалымат кампаниясын өткөрүү боюнча ишти улантуу зарыл. Оорунун очогу азайганына карабастан, COVID-19 башка жугуштуу оорулардын булагы болуу менен дагы эле арабызда. Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн эң эффективдүү жолу - бул алдын алуу. Жарандарга жана өзгөчө балдарга гигиена эрежелерин үйрөтүү зарыл. Азыр жалпы билим берүү мекемелери жана бала бакчалар кадимки режимде иштөөдө, медициналык беткап кийүү талап кылынбайт», - деди ал.

Штабдын жыйынында 2022-жылдын 15-сентябрынан 15-декабрына чейин сасык тумоо,COVID-19 илдетинин эпидемиологиялык күчөшү учурунда калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө (негизги жана кошумча дозалар) боюнча жалпы республикалык кампания өткөрүлө турганы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий