• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ыкчам штаб: Өзгөчө абал режимин узартуу жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал режимин узартуу жарандардын тиешелүү коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Жыйында коронавирус инфекциясы боюнча учурдагы кырдаал талкууланды. ӨКМдин, ИИМдин, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат беришти.

Саламаттык сактоо министрлигине медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу эрежелерине окутуу, аларды туура кийүү жана чечүүгө үйрөтүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.

«Бүгүн бизде 70тен ашык медицина кызматкерине коронавирус жуккан. Республикалык штаб медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууну туруктуу көзөмөлдөп турат. Саламаттык сактоо министрлигине коргоо каражаттарын туура пайдалануу жана коопсуздукту жогорулатуу боюнча окутууларды өткөрүү тапшырылды. Ошондой эле ведомство коргоо каражаттарынын жана тест системалардын камын үзгүлтүксүз камсыздап турууга тийиш. Толук запас ар дайым болушу керек», - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Жергиликтүү бийлик органдарына илдет чыккан аймактарда иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин социалдык шарттарын жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле аларды ысык тамак менен камсыз кылуу маселесин жөнгө салуу милдеттендирилди.

Мындан тышкары жыйында тармактык мамлекеттик органдарга жасалма дем алдыруучу жабдууларды сатып алуу боюнча иштерди активдештирүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий