• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ыкчам штаб: Жазгы-талаа иштери эч кечиктирилбестен жана кыйынчылыксыз өтүүгө тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймактарындагы жазгы-талаа иштери эч кечиктирилбестен жана кыйынчылыксыз өтүүгө тийиш. Тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү көлөмдө үрөн, жер-семирткичтер, техника менен камсыз кылуу жана талаа иштерин өз убагында ишке ашыруу тапшырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Өзгөчө абал режими маалында жазгы-талаа иштери өз убагында жүргүзүлүүгө тийиш, кечиктирүүгө болбойт. Айыл чарба министрлиги тоскоолдуксуз иштөө үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү», - деди ал.

Жыйында Саламаттык сактоо министирлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу отчет беришти.

Дезинфекциялоо иштерин айрыкча оору чыккан жерлерде күчөтүүнүн, жарандардын кыймылына, үй карантининин шарттарына көзөмөлдү күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Мындан тышкары обсервация жайларында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоого, тартылган медицина кызматкерлерин өздүк коргонуу каражаттары менен толук камсыздоого жана белгиленген коопсуздук эрежелеринин алар тараптан аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.

Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо боюнча күчөтүлгөн иштер уланууда. Буга байланыштуу ыкчам штабдын мүчөлөрү жарандардын үйдө болуусу маанилүү экендигин баса көрсөтүштү.

Аймактарды тест-системалар, дары-дармектер, өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздоо иштери улантылууда. Ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына ун жана азык-түлүк түрүндө даректүү жардам көрсөтүлүп жатат.

Штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга бир нече тапшырмалар берилди. Жергиликтүү бийлик органдарына калктуу конуштарда өз алдынча орнотулган постторду иретке келтирүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий