• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ыктыярчы дарыгерлердин эки тобу Нарын жана Ош облустарына жөнөп кетти

COVID - 19 0

Бишкек 10.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-апрелде эпидемиологиялык абалга байланыштуу жогорку квалификациялуу медкызматкерлери Бишкектен Нарын жана Ош облустарына жөнөп кетти. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Курамына эпидемиологдор, педиаторлор жана үй-бүлөлүк дарыгерлер кирген топ аталган облустарда кырдаал турукташканга чейин кызмат өтөшөт.

Министрликтен кошумчалашкандай, дарыгерлер бригадасы жеке коргонуу жана тамактануу үчүн зарыл каражаттар менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий