• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ыктыярчы дарыгерлердин тогузунчу тобу Нарын облусуна жөнөп кетти

COVID - 19 0

Бишкек 14.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда түзүлгөн коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эсеп боюнча ыктыярчы дарыгерлердин тогузунчу тобу Нарын облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматолог кирген, алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен операция жасоочу дарыгер, акушер-гинеколог Нарын облусундагы Ат-Башы районуна жөнөтүлгөн.

Ар бир медкызматкер керектүү өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздалды. Иш сапарга байланышкан бардык чыгымдар, ошондой эле негизги иштеген жери боюнча эмгек акысын сактоо менен кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле эпидемиологиялык фонддон каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий