• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ыктыярчылар Ысык-Көл жээгинен 8 тонна таштанды чогултушту

Коом 0

Бишкек, 10-май /Роман Гайнанов – Кабар/. Кечээ, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көлдүн жашоочуларынан турган 300гө жакын ыктыярчы туристтик сезондун алдында “Таза Ысык-Көл” акциясына катышышты.

Иш чара Чолпон-Ата жана Бостери айылына жакын тилкелерде өттү. Таштанды жөн гана чогултулбастан, сорттолуп, темир, айнек, желим жана органикалык таштандыга бөлүндү. Ыктыярчыларга жардамдашууга Ысык-Көл облусундагы Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкычиев, Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиев, Туризм департаментинин директору Азамат Капаров келишти.

Ыктыярчылар жана тургундар кайра иштетүүгө 8 тоннадан ашык таштанды жыйнашты.

Бул иш чаранын башкы максаты коомдук көйгөйгө бардык жарандардын жана чиновниктердин көңүлүн бурдуруу жана Кыргызстандын аймагында таштандыларды жок кылуу чечимин кабыл алуу болуп саналат.

«Чындыгында, биз бардыгыбыз эс алууну жакшы көрөбүз, айрыкча берметибиз болгон Ысык-Көлдүн жээгинде. Тилекке каршы, ар ким эле өзүнүн артынан таштандыларды тазалап кетпейт. Биз көпбүз, Ысык-Көл жалгыз. Баарыбыз кыргыз берметине аяр мамиле кылсак дейбиз!», - деп белгиледи акциянын катышуучусу Эргали Аманбаев.

Уюштуруучулар белгилешкендей, мындан ары да көлдүн айланасын гана эмес, бүтүндөй Кыргызстанда тазалоо боюнча кеңири акцияларды өткөрүү пландалууда. Кийинки акция 27-28-майда өтөт.

Иш чаранын демилгечиси «Экодеми» коомдук фондунун негиздөөчүсү, «Таза Ысык-Көл» кыймылынын түзүүчүсү Айжан Чыныбаева. «Таза Ысык-Көл» - бул узак мөөнөттүү, айлана чөйрөнү булгоо маселесине коомчулуктун көңүлүн бурдурууга багытталган долбоор.

Пикир

Оставить комментарий