• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ыктыярчылардын аракети: Өткөн жума ичинде аткарган жумуштары

Аналитика 0

Ыктыярчылар жигердүү иш алып барууда. Алар муктаждарга акча каражат чогултууда жана дарыгер, милиция кызматкерлерине, жарандарга ар кандай жардам көрсөтүүдө. Мындай оор кырдаалда бири-бирибизге жардам берүү эң туура чечим. Ыктыярчылар кандай кыйынчылыктарга туш болушканын жана алардын аткарган иштери туурасында ыктыярчы, активист жана коомдук бирикменин лидери Нуриля Чолпонбаева айтып берди.

- Кезектеги апта кандай өттү?

- Бул жума тынч болгон жок. Балдар арасында Кавасаки синдрому кездешүүдө деген кептер тарады. Россияда коронавирусту кайрадан жуктуруп алган учурлар катталды. Атап айтканда, Тува шаарында. Мындан улам кандайдыр бир кооптонуу пайда болду. Адамдар кайрадан вируска каршы препараттарды, антибиотиктерди сатып ала башташты. Бирок азырынча алардын кереги жок.

- Кандай жумуштар аткарылды?

- Ооруканага жаткыруу жана айрым дары-дармектерди алуу боюнча жардамдар уланууда. Биз дагы деле адамдарга кычкылтек концентраторун табуу боюнча иштерди аткаруудабыз. Жакында эле бир адам бизге кайнатасы бир ай бою катуу ооруп, өтө сейрек кездешүүчү дары-дармектер керек экендигин айтып кайрылган. Тилекке каршы, аталган дарыларды Бишкектин эч бир жеринен таба алган жокпуз. Ал киши кечээ эртең менен каза болуп калды.

- Дагы кандай жардамдарды көрсөттүңүздөр?

- Ар дайым жардам берип келген балдарыбызга колдоо көрсөтүүдөбүз. Ата-энеси жок 22 баланы мектепке даярдадык.

- Ыктыярчылардын иш-аракеттери кандай жүрүүдө?

- Эл аралык агенттик биз менен байланышып, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ыктыярчылардын ири конференциясы өтөрүн билдирди. Ал жерде биз ыктыярчылардын коронавирус учурунда кантип жана кандай салым кошкону жөнүндө сүйлөшө алдык. Конференция кечээ болуп өттү. Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россия жана башка өлкөлөрдүн ыктыярдуу уюмдары менен тааныша алдык. Бардык өлкөлөрдө жарандар абдан активдүү болушканын байкадык. Ыктыярчылар тез арада эбегейсиз чоң жардам көрсөтүшкөн. Кыргызстандын атынан 2 адам сөз сүйлөдү – "Биз барбыз" кыймылынын өкүлү Мээрим Сатаева жана мен, "Best мууну" коомдук бирикмесинин башчысы катары.

Биз өлкөбүздө кырдаал кандай өнүккөндүгү жөнүндө айта алдык. Маалыматтарды айларга бөлүп, илдетке кабылган адамдардын саны, кандай чаралар көрүлгөндүгү, ошол учурда кандай социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр болгону менен бөлүштүк. Биздин маалыматыбыз өтө кылдат болуп, биринчи адам качан ооруп калган, дарылануу кандай болгону жана башкаларды камтыды. Ыктыярчылардын салымы туурасында гана айтып бердик. Ошондой эле Кыргызстандагы ыктыярчылар жөнүндө канчалык деңгээлде сөз боло баштаганы да айтылды. Биз кесиптештерибизден абдан жакшы пикирлерди алдык, бардыгы биз жөнүндө жакшы сөздөрдү айтышты. Башка өлкөлөрдө коомдогу абал биздикиндей деңгээлге жетпегендигин эске алганда, эл, ыктыярчылар биримдикте, ынтымакта иштегендигин баса белгилеп келишти.

- Үгүт иштери башталгандыгы ыктыярчылардын ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгиздиби?

- Белгилеп кетсек, ыктыярчылар – булар башка бирөөгө өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жардам бербеген адамдар. Көрсөтүлгөн жардам ар кандай болушу мүмкүн - физикалык, психикалык, моралдык. Бирок кыйынчылык учурунда келип, бир нерсе сатып алып келген адамды ыктыярчы деп айтуу ар дайым эле мүмкүн боло бербейт. Чындыгында, ыктыярчы наамын алуу үчүн бир канча убакыт бою башкаларга акчалай гана эмес жардам көрсөтүү керек. Андан кийин ыктыярчы деп айтсак болот. Пандемия учурунда өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жардам бергендер да болду. Кийинчерээк ал адамдар саясий партиялардын тизмесине кирип, пандемия учурунда жасаган бардык иштери алдыдагы шайлоо үчүн пиар иш-аракеттери болуп чыкты. Абдан өкүнүчтүү болду. Анткени адамдар бири-бирине жардам бере баштады деп кубанганбыз. Эми анын бардыгы жарнама үчүн аткарылганын түшүнүүдөбүз.

Мамлекеттик органдар тарабынан айрым милдеттенмелер аткарылбай жаткандыгын дагы белгилеп кетким келет. Буга чейин пандемия учурунда ооруган жарандарды ташып, жол эрежесин бузган ыктыярчылардын айыппулун алууну убадалашкан. Бул маселени чечүү үчүн өтө көп убакыт кетти, дээрлик 1,5 ай. Бүгүнкү күндө ыктыярчылар социалдык тармактарда резонанс жаратышууда. Айыппулдар келе баштады. Мына азыр ыктыярчы катары таанылганыбызды билдирген каттар келе баштады жана бул каттар айыппулдарды кечүүгө жардам бериши керек.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий