• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ымыркайларды сатуу иши: Жактоочулар журналисттерди чыгарууну суранышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда балдарды сатуу боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттук отурумдун башында жактоочу тарап бул процессти бүтүндөй Кыргызстан көрөт деген жүйө менен журналисттерди залдан чыгарууну суранып, сотко кайрылды. Алардын айтымында, ал нерсе айыпталуучулардын туугандарына моралдык зыян алып келүүдө.

Ага карата төрагалык кылган сот Мирлан Термечиков процесс ачык болгонун жана мыйзам журналисттерди ишин аткарууга жол берерин айтты.

Ошентсе да жактоочулук кылгандар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү "бирөөнүн айтканын аткарып жатат" башкача айтканда объективдүү иштебей жатат деп чыгышты. Андан кийин жактоочулар, бул ишти кароо жабык тартипте өткөрүүгө өтүнүч келтиришти.

Бирок мамлекеттик айыптоочу ага каршы чыгып, сот процессти ачык өткөрүү чечимин чыгарды.

Мурда айтылгандай Бишкекте ымыркайларды сатуу боюнча кылмыш иштин алкагында беш медицина кызматкери тергөө абагына киргизилген. Ошондой эле ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлгөн шектелүүчү адамдар бар.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, балдарды Россиянын жарандыгын алган мурдагы кыргызстандыктар сатып алган.

Жыйынтыгында айыпталуучулардын төртөө камакка алынып, үчөө үй камагына чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий