• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ымыркайларды тамак-аштан уулануудан кантип сактоо керек? Адистин жообу

Ден соолук 0

Бишкек,20.06.18./Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Мамсанэпидемкөзөмөл Борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов энелер жаңы төрөлгөн ымыркайларын тамак-аштан уулануудан кантип сактоо керектигин айтып берди.

Башкы дарыгердин айтымында, бүгүнкү күндө негизинен жабыркагандардын арасында 1 жашка чейинки же 2ден 4 жашка чейин балдар болот.

“Бул энелер гигиенанын негизги эрежелерин сактабагандыкка байланыштуу. Биз балдарды 6 айга чейин эмчек сүт менен эмизүүнү сунуштайбыз, бирок учурда энелердин көпчүлүгү кошумча азыктарды берип жатышат. Бала буламыкты аягына чейин жебей койгон кезде энелер үнөмдөө ирээтинде аны муздаткычка же жөн гана үстөлдүн үстүнө калтырып коюшат. 2 сааттын ичинде ар кандай бактериялар топтолуп калышы мүмкүн”, - деп билдирди дарыгер.

Ымыркай бар бөлмөнү нымдап тазалап, кийимин алмаштырып, колду бат-баттан жууп туруш керек.

Пикир

Оставить комментарий