• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ымыркайын өлтүрүүгө шектүү аялдын өз жанына кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 26.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек прокуратурасы тарабынан ымыркайын өлтүрүүгө шектүү аялдын өз жанына кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Башкы проркуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 316 (Шалаакылык) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Эске сала кетсек, Бишкек ШИИБнин маалыматы боюнча, өз ымыркайын өлтүрүүгө шектүү аял убактылуу кармоочу жайында жанын кыйганы тууралуу маалымат тараган.
Кылмышка шектүү 23-сентябрда кармалып, ал 30 жаштагы Нарын облусунун М.М., аттуу жараны болуп чыккан. Шектүү кармалгандан кийин Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда иликтөө амалдары уланууда.
Эске сала кетсек, 14-сентябрда Бишкектин Киркомстрой районунда таштанды чакасынан ымыркайдын денеси табылган. 22-сентябрда кылмышка шектүү катары ымыркайдын энеси 1987-жылы туулган М.М., аттуу жаран кармалган.

Пикир

Оставить комментарий