• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

"Ынтымак кербени": Аймактар аралык кызматташуу талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 01.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрь күнү "Ынтымак кербени" иш-чарасынын алкагында Ош облусунан Ысык-Көл облусуна келген делегация облустун тургундары, активдери менен жолугушту.

Иш-чара Ысык-Көл облустук администрациясынын имаратында өтүп, ага Каракол шаарынын, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунун тургундары, активдердери, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев катышкан.

Жыйында эки облус арасындагы, Кыргызстандагы аймактар аралык ынтымак, кызматташтык, биримдикти чыңдоо маселелери боюнча талкуу жүргөн.

Эскерте кетсек, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов баштаган «Ынтымак кербени» Ысык-Көл облусуна 30-августта барган.

Пикир

Оставить комментарий