• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нооруз-2019: "Ынтымак" командасы көк бөрү боюнча мелдеште жеңүүчү болду

Спорт 0

Бишкек, 21.03.19. /Кабар/. Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк бөрү боюнча мелдештин Жогорку лигасында "Ынтымак" (Талас облусу) командасы жеңүүчү болду.

Биринчи орун үчүн болгон таймашта "Ынтымак" командасы "Достук" (Ош облусу) менен ойногон. Оюн 6:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Ушул эле Жогорку лигада үчүнчү орунду "Бакубат Талас" командасы ээлеген.

Эскерте кетсек, өткөн жылы да көк бөрүнүн финалында бул эки команда ойноп, "Ынтымактын" улакчылары жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий