• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Ынтымак” командасы көк бөрү боюнча президенттин кубогун жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 8-ноябрда көк бөрү боюнча президенттин кубогунун финалдык мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Финалдык оюнда “Ынтымак” (Талас облусу) командасы 9:2 эсебинде “Достукту” (Ош) жеңип, президенттин кубогуна ээ болду.

Ал эми Биринчи лигада “Мурас” (Ысык-Көл) командасы “Ала-Тоо” (Ош шаары) командасын 5:3 эсебинде артта калтырды.

Оюндун жыйынтыктары:

Жогорку лига:
1-орун – “Ынтымак” – 500 миң сом;
2-орун – “Достук” – 250 миң сом;
3-орун – “Сары-Өзөн” – 125 миң сом.

Биринчи лига:
1-орун – “Мурас” – 100 миң сом;
2-орун – “Ала-Тоо” – 70 миң сом;
3-орун – “Келечек” – 50 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий