• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ынтымак" жана "Ишеним" парламенттик фракциялары Баткенде көчмө жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин “Ынтымак” жана “Ишеним” парламенттик фракциясынын депутаттары Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрүп, аймакка өзгөчө макам берүүгө багытталган мыйзам долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүдө айтылгандай, ошондой эле чек арага чектеш жашаган калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү көтөрүлүп, чек ара жаңжалдарын алдын алуу маселелери сөз болду.

Көчмө жыйындын алкагында алгач депутаттар чек арага жакын жайгашкан айылдарды кыдырып, көйгөйлөрдү жеринен көрүп чыгышты.

Андан соң отурум өтүп, Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун артыкчылыгы тууралуу баяндама жасады.

“Бул мыйзам долбоору Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан 62 айылга жайылтылат. Алгач министрлер кабинети тарабынан чек арага чектеш жайгашкан үйлөрдү мыйзамдаштырып берүү каралууда. Буга чейин турак жайларга документ алуу үчүн 2000 миң сом керектелсе, эми акысыз жүргүзүлөт. Ошондой эле жарандар соттолгондугу тууралуу маалымдама кат жана медициналык “УЗИ”, “Рентген” кызматтарын акысыз алышат. 62 айылда 13900 пенсионер бар. Ушул жылдын март айынан тарта ар бир пенсионерге кошумча 2000 миң сом төлөнөт. Ошондой эле жөлөк пулдар эки эсеге көтөрүлөт. Мындан сырткары, 62 айылда эмгектенген мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин да айлык маяналарын көтөрүү сунушу киргизилип жатат”, - деди президенттин өкүлү.

Жыйын суроо жооп иретинде уланып, депутат Чолпон Султанбекова чек ара жаңжалынан үйлөрү күйүп кеткен жарандардын көйгөйүнө токтолуп: “Бизге жеткен маалыматтар боюнча үйлөр жаңы технология менен салынгандыктан кышында суук, жыйында ысык тартып, жашгоочуларга ыңгайсыздык жаратып жатыптыр. Андыктан турак-жайларды жылуулатканга мамлекет токтоосуз жардам бериши керек”, - деди.

Президенттин өкүлү бул жаатта көйгөй бар экенин четке каккан жок. “Курулуп жатканда -50 градуска чейин туруштук берээри айтылган. Бирок чынында жашоочулар тарабынан нааразычылыктар жаралып жатат. Бул боюнча сөзсүз тиешелүү чараларды көрөбүз”, – деп жооп кайтарды.

Депутат Эмил Жусупов Баткен облусуна инвесторлорду тартуу үчүн жеңилдиктерди түзүп, калкты жумуш менен камсыз кылуу керектигин айтса, эл өкүлү Аида Исатбек кызы аймактагы курулушу бүтпөй жаткан мектептерди тез арада бүткөрүү зарылчылыгын кошумчалады.

Ал эми “Ынтымак” парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Баткен облусуна өзгөчө статус берүү мыйзамын дыккат иликтеп, кошулбай калган айылдар болсо кошуу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал облусту өнүктүрүүгө багытталган каржылык маселелерди тездетип чечүүгө депутаттар көмөк көрсөтөөрүн айткан Марлен Маматалиев: “Чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандарга депутаттар бир айлыгын бөлүп, түздөн – түз жардам берүү чечимин кабыл алганбыз. Ошондуктан сиздер жабыркаган жарандардын тизмесин аныктап бериңиздер”, - деди.

Мындан сырткары эл өкүлү Баткен облусуна өзгөчө статус берүүгө багытталган мыйзамдын 3-беренесине токтолуп: “Ишкердик жүргүзгөн инвесторлор өзгөчө кырдаалдардан улам жабыр тартпашы үчүн мамлекет тарабынан камсыздандырылышы керек”,-деген сунушун айтты.

Ошондой эле жыйында Исфана-Баткен жолун туташтырган альтернативдик жолунун курулушу жөнүндө Транспорт министринин орун басары Таабалды Тиллаев маалымат берди. Депутаттар аталган жол айрыкча өзгөчө кырдаалдар учурунда маанилүү роль ойноорун белгилешип, курулуш үчүн каржылык маселесин тез арада чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн убадалашты.

Пикир

Оставить комментарий