• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ынтымактуу үй-бүлөнү чагылдырган. Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн дубалына сүрөт тартылды

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына үй-бүлөнүн ынтымагын түшүндүргөн сүрөт тартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, уюштуруучулар көчө сүрөттөрү аркылуу жаштарды зордук-зомбулукту алдын алуу, үй-бүлө бул ата-эне жана балдар өзүлөрүн коопсуз сезген жер экенин даңазалоодо.

Стрит арт же көчө сүрөттөрү калаанын Спутник кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн дубалына тартылды. Демилгени Жалал-Абад шаарындагы "Жаш жарандарды өнүктүрүү" коомдук фонду колго алган.

Үй-бүлөдө зомбулуксуз, ынтымакта жашоого үндөгөн сүрөттү сүрөтчү Тилек Камалов түшүргөн.

Пикир

Оставить комментарий