• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

YouTube үчүн жигитин өлтүргөн кыз АКШда жарым жылга камалды

Дүйнө 0

Бишкек, 20.12.17 /Кабар/. Миннесота жашоочусу Моналиса Перес өзүнүн Педро Руисти атайылап эмес өлтүрүп алганы үчүн өзүн күнөөлүү деп тааныды. Бул тууралуу Star Tribune жергиликтүү басылмасы билдирди.

Ал кыз абакта алты ай болуп, кийинки 10 жылды укук коргоочулардын көзөмөлүндө өтөт.

Окуя түгөйлөр ютьюб тармагына коюу үчүн “тарыхтагы эң коркунучтуу роликтердин бирин” тартуу учурунда болгон. Видеоблогерлер көкүрөккө тосулган китеп тапанчанын огуна туруштук бере алабы же жокпу текшерип көрүүнү чечишкен. Кыздын айтымында, идея жигиттики болгонун РИА Новости жазат.

Тартуу үчүн Desert Eagle ири калибрлүү тапанча тандалган. Перес жарым метр аралыктан аткан, ок китепти тешип өтүп Руистин көкүрөгүнө тийген. Алган жаракатынан жигит каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий