• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ырчы Анжелика Кайратованын жана анын 5 жаштагы кызынын абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Ырчы Анжелика Кайратованын жана анын 5 жаштагы кызынын абалы оор. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 24-январда Анжелика Кайратованын омурткасына оперция жасалган. Ал азыр жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор, деп белгилешти ооруканадан.

“Ырчынын кызынын абалы дагы оор, ал реанимацияда. Анын эки буту сынган. Ага бүгүн операция жасалышы пландалууда”, – деп билдирет басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 23-январда ырчы кыздары менен Караколдон Бишкекке кайтып келе жатканда кырсыкка учураган. Жол кырсыгы Түп районунун Балбай айылында болгон. Белгилүү болгондой унааны ырчынын курбусу башкарып бараткан.

Пикир

Оставить комментарий