• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ырчы Дайыр Исмадияровдун унаасын уурдап кеткен адам кармалды (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунун Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери белгилүү эстрада ырчысы Дайыр Исмадияровдун “Toyota Camry” үлгүсүндөгү унаасын уурдаган адамды кармашкан.

Бишкек шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Дайыр Исмадияров аттуу жаран унаасын уурдаткандыгы тууралуу милицияга арыз жазган. Анын айтуусу боюнча, ушул жылдын 29-апрель күнү болжол менен саат 4:00дөр чамасында “Империя-Пиццы” аттуу кафеде жүргөндө анын сырткы кийимин уурдап кетишкен. Анын чөнтөгүндө акчасы жана “Тайота Камри” унаасынын ачкычы болгон. Алар ырчынын күрмөсү менен биргеликте эшикте токтоп турган унааны да айдап кетишкен.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Издөө жана ыкчам-тергөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү делген 1997-жылкы Р.А., аттуу Талас облусунун тургуну кармалган. Кармалган жаран Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

“Унаанын ээси милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий