• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ырчы Элмира Кайып кызы дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Бүгүн, 31-августта ырчы Элмира Кайып кызы 42 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу ырчынын сахналаштары билдиришкенин super.kg порталы кабарлады.

Элмира Кайып кызынын туугандарынын айтымында ырчынын бооруна операция жасалып, ал эсине келбей каза болгон.

Ырчы Элмира Кайып кызы 1975-жылы 4-январь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. Т.Сатылганов атындагы эстрадалык студияны жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган. Алгач Р.Абдыкадыровдун "Ак куулар сени сагынар" деген ыры менен К.Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда сахнага чыккан. Эстрадада Шамшыбек Өтөбаевдин "Калды эсимде" деген ыры менен таанылган. Элмира Кайып кызынын аткаруусундагы "Булбулум" аттуу чыгарма элге кеңири тараган.

Ырчы акыркы мезгилдерде Мамлекеттик чек ара кызматынын ыр жана бий ансамблинин насаатчысы болуп иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий