• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ырчы Гүлбү Ороскул кызы мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 06.10.17. /Кабар/. Эстрада жана фольклор ырчысы, КТРКнын “Сармерден” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлбү Ороскул кызы мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда жана айрым маалымат агенттиктеринде жарыяланды.

Азырынча ырчынын эмнеден каза болгондугу тууралуу маалымат жок.

Гүлбү Ороскул кызы Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жыл, 1-ноябрда туулган. М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.

Гүлбү Ороскул кызы белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурунку жубайы, экөөнүн ортосунда эки кыз бар.

“Кабар” маалымат агенттиги ырчынын жакын туугандарына, санаалаштарына жана сапарлаштырына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий