• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ырчы Гүлзада Рыскулова: Мен Сооронбай Жээнбековду колдойм!

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарындагы үгүт кампаниясын улантууда. Талапкерди колдогондордун арасында спортчулар, интеллигенция өкүлдөрү, белгилүү маданий ишмерлер ж.б. бар. Алардын бири элдин сүйүктүү ырчысы Гүлзада Рыскулова өз таланты жана мукам үнү менен шайлоочуларды туура тандоо жасоого үндөп, Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерине катышууда.

Анын айтымында, биздин мамлекетке азырт уруктуулук керек, ал эми Сооронбай Жээнбеков болсо мамлекетке стабилдүү өнүгүүнү камсыздай алган адам болуп саналат. «Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков Рыспай Абдыкадыров фондун жетектеп жүргөнүн билебиз. Ушундай залкар инсандын атын өчүрбөй, колдоп жүргөнү - бул Сооронбай Шариповичтин маданиятка өзгөчө көз карашы жана маани бергендиги, ошондуктан мен биздин татыктуу кандидатыбызды колдойм жана бардык кыргызстандыктарды ага добуш берүүгө чакырам!», - деп белгиледи ырчы.

- Даярдоочу: КУМА “Кабар”
- Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
- КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
- Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 06.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий