• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ырчы Малик Аликеевге экинчи ирет операция жасалды

Ден соолук 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Белгилүү ырчы Малик Аликеевге экинчи ирет операция жасалып, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-июль күнү маданият министри Азамат Жаманкулов Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жаткан Малик Аликеевден кабар алган.

Буга чейин ырчыга аталган ооруканада жамбаш сөөгүнө операция жасала тургандыгы айтылып, дарылоонун жүрүшү жана Малик Аликеевдин абалы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө боло тургандыгы айтылган.

Учурда Малик Аликеевге жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жакынкы күндөрдүн ичинде ырчы ооруканадан чыгып, эми чыгармачылыгы менен алектенет.

Пикир

Оставить комментарий