• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ырчы, саясатчы болууну каалашат, калп айтышпайт. Угуусу начар балдардын мектебиндеги кызыктар

ТАГДЫР 0

Кыргызстан боюнча жалгыз болгон Республикалык угуусу начар жана керең балдардын №21 атайын жатак мектеби туурасында баяндап берели. Аталган мектеп 1972-жылдан тарта 7 жаштан жогору балдардын билимин жогорулатуу менен бирге угуусун жакшыртуунун үстүндө иштеп келишет. №21 мектепте окуган балдардын билими, ийгиликтери жана кыйынчылыктары туурасында сөз баштасак.

Мектептин босогосун аттаганда башка мектептердей ызы-чуу болгону көрүнбөйт. Бул тарбиялануучулардын угуусу начар болгондуктан эмес, балдардын бири-бирине болгон мамилеси, мугалимдерге болгон сый-урматы жана тарбиясынын белгиси.

Угуусу начар жана керең балдардын №21 мектебинин директорунун орун басары Акназарова Замиранын айтымында, мектеп 1972-жылы ачылып, жалпы билим берүү мектеп болгон. 1974-жылы мектеп-интернатына өзгөртүлгөн. Окуу жай 2 бөлүмгө бөлүнгөн, биринде 1-2-даражадагы угуусу начарлар болсо, экинчисинде 3-4 же андан жогору даражадагы угуусу начар балдар билим алышат.

“Биздин мектепте 92 жогорку билимдүү мугалимдер сабак берет. Окуучулардын саны 297. Кыргызстан боюнча жалгыз мектеп болгондуктан ар кайсы региондон келип билим алышат. Балдар 7 жаштан 18 жашка чейин окушат”, — деди Акназарова.

Окууну аяктаган соң №28, №5, №18, №17 жана башка кесиптик лицейлерге тапшырышат. Ал жерден чач тарач, ашпозчу, тигүүчү сыяктуу кесиптерге ээ болууда. Лицейдин өкүлдөрү келип окуу жайларын таанытуу сабактарын да өткөрүп турушат.

“Балдар түшкө чейин сабак окушат андан кийин алардын угуусун жакшыртуу, өнүктүрүү үчүн атайын сабактар өткөрүлөт. Ошондой эле сүйлөөсүн жакшыртууга жардам беребиз. Бизде керең балдар, угуусу начар жана аң сезими артта болгон балдар окушат. Керең деген, бала жакшы эле төрөлөт, бирок кандайдыр бир оорунун негизинде угуусу жабыркаган балдар. Ал эми угуусу начар балдар төрөлгөндө эле кулагы жакшы укпагандар. Балдар алгач келгенде кол жаңсоолорду билбейт, укпайт, керек болсо дааратканага да барганды билишпейт. Баарын мугалим, тарбиячылар үйрөтүп окутушат.

Эң негизгиси биздин балдар тамеки чегишпейт, жаман сөздөрдү сүйлөбөйт. Ошондой эле спорт, кол өнөрчүлүк боюнча мелдештерде алдыңкы орундарды алып жүрүшөт”, — дейт директордун орун басары Акназарова.

№21 мектебинин кыргыз тил жана адабият сабагынын мугалими Эралиева Перизат, 2002-жылы жогорку окуу жайды бүтүрүп, 2003-жылдан тарта угуусу начар балдар мектебине келгенин айтат. Алгач келгенде кыйынчылыктар болгонун, өзгөчө кол жаңсоо аркылуу сүйлөшкөндү үйрөнүү кыйынга турганын, бирок убакыттын өтүшү менен үйрөнүп кеткендигин билдирди.

“Мен угуусу начар жана керең балдарга сабак берем. Андан сырткары бизде аң сезими артта калган балдар окушат. Аларга бир эле мугалим сабак берет жана окуу программасы 2-3 жылга артка түзүлгөн. Ошондо 9 класс окушат. Мен окуткан балдар 10 жана 12 класс окушат. Жөндөмүнө карайбыз, эгер 12 класстын программасын алып кете турган болсо, анда 12 класс окушат. Биз бир окуу программа артта жүрөбүз. 12-класс болгондор 11-класстын, 10 класс окугандар 9-класстын программмасын окушат”, — дейт өз сөзүндө Эралиева.

Балдарды окуутуда көптөгөн ыкмалар колдонулат. Ар кандай сүрөт жана жазууларды кагаз бетине көрсөтүп окутушат. Угуусу начар балдардын эс тутуму начар келет. 45 мүнөт сабак өткөндөн кийин тарбиячысы келип ал сабакты бышыктайт. Ошондо гана эсинде калат. Бирок кээ биринин эс тутуму жакшы болсо, кайсы бириники азыркысын азыр унутуп коюшат.

Эралиева, күчтүү мугалимдер иштегендиктен балдар ийгиликке жетишип жатканын билдирет. Мектепте окуган балдар бийге жөндөмдүү болгондуктан Кыргызстан ичинде жана Казакстандагы ар кандай иш-чараларга катышып байгелүү орундарды алып жатканын кыргыз тил мугалими сыймыктануу менен айтат.

Кыздар арасында “Ийгилик” тобу менен балдардын тобу бир нече сыйлыктарга жетишкен. Аларды бийге белгилүү бийчи Эрмек Керимбаев үйрөтүп, машыктырат.

“Бий боюнча күчтүү, дайыма биринчи орунду алып келишет. Көзү азиз балдар ыр боюнча алдыда. Түрдүү иш-чараларда алар менен да жолугушуп калабыз. Биздин балдардын угуусу начар болгондуктан жакшы ырдай алышпайт. Анан балдарыбыз сезимтал келет жана ойлогон ойлорун ачык айтат. Башка мектептен айырмасы, буларга кеңеш айтсаң жакшы сөздү айтып жатат аткарып калалык деген ойдо кабыл алышат.

Өткөндө мындай бир окуя болду. Абдыкадыр деген бала экинчи сабакка келди. Эмне болду десем, маршруткада уктап калдым дейт. Ойгонуп кетсе маршрутка токтоп турган экен. Көрсө ал мектектен өтүп маршруткалар токтоочу жерге жетип калыптыр. Абдыкадыр мектебинен түшүп кайра үйүнө кеткен жолду билет жана ошого көнүп калган да. Анан бул колун жаңсайт, тигилер эмне деп жатканын түшүнүшпөйт. Эмне кылаарын билбей акырында маршруткага отуруп алыптыр, артка кетем дегенсип. Айдоочулар түшүнгөн окшойт, кайра келе жатканда мектептен түшүрүп коюшат. Ошентип, ал экинчи сабакка кечигип келген”, — дейт Эралиева Перизат.

Угуусу начар балдарды кол жаңсоо аркылуу эмес сөз менен сүйлөшүүгө үйрөтүшөт. Сүйлөө речин, сөз байлыгын жана угуусун өстүрүүгө аракет кылынат. Бул оңой иш эмес, анткени кыйналып сүйлөгөнгө караганда кол жаңсап койгон балдар үчүн оңой келет.

“Биринчи класста ата-энелер ыйлап келишет. Менин балам сүйлөбөй жатат же башка армандарын айтышат. Бирок окууну бүткөндө балдар бийлешет, хор ырдашат. Анан балдарынын ушундай даражага жеткенин көрүп ата-энелер дагы бир ирет ыйлашат. “Ким болосуң?”, — деп суроо берсең, алар биринчиден ырчы болом дешет. Нурлан Насип, Атабековдун (ред.: Мирбек Атабеков) ырларын угуп, фонограмманын жардамы менен ырдашат. Саясатка кызыгышат, мисалы кечээ эле Сапар Исаков ээлеген ордунан түшсө, бүгүн эле ал тууралуу айтып жаткан болушат. Саясатчы, депутат болууну каалашат. Депутат болсом жолдорду оңдотот элем деп айтып калышат.

Балдар жердеги тамекини алып койгон бирөөнү көрсө уят деп эсептейт. Булардын ою боюнча тамеки кармабаш керек, арак ичпеш керек. Эң жакшы сапаты калп айтышпайт. Эгер бирөө калп айтса, аны чоң класста окуган балдар түзгөн уюмга алып барат. Ошентип бири-бирин тарбиялашат”, — деп Эралиева Перизат кошумчалап кетти.

Аталган мектептин 8-“А” классынын окуучусу Калыбек уулу Арлен, келечекте журналист болгусу келет жана ал үчүн көп китеп окуш керектигин айтат.

“Мен ыр китептерди көп окуйм. Ал эми, бош убактымда волейбол, футбол ойногонду жактырам. Шахмат кружогуна да катышам”, — деди Калыбек уулу Арлен.

Арлен штанга көтөрүү боюнча 2-орун, шашкиден 1-орун жана волейболдон 3-орунга жеткен. Булар Бишкек боюнча өткөрүлгөн мелдештеринде алган сыйлыктары.

№21 мектепте окуучулар бош убактысында мугалим жана тарбиячынын жардамы менен гана киного барышат. Театр, куурчак театрларга кыска убакыт аралыгында барып турушат.

Пикир

Оставить комментарий