• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Ата аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Ивановка айылындагы Ысык-Ата аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү ачылды, - деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, төрөт бөлүмүнүн ачылышына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ысык-Ата районунун акими Руслан Тайгашкаев, айыл өкмөт башчысы, айылдын активисттери жана тургундары катышты.

Министр өз сөзүндө тургундар көптөн бери өз айылына төрөт бөлүмүн ачууну суранып келишкендигин, ошондуктан аны ачуу чечими кабыл алынгандыгын белгиледи.

"Эне менен баланын саламаттыгы министрликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Учурда эски имаратты оңдоп-түзөөгө каражат жок экендиги баарыбызга маалым, ошондуктан 5 орундуу төрөт бөлүмү хирургия бөлүмүнүн биринчи кабатында жайгаштырылды. Жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл алуу башталат. Кадрлар маселеси чечилди. Ошондой эле төрөт бөлүмүндө физиологиялык төрөт гана кабыл алынып, патология менен төрөттөр Кант шаарына жөнөтүлөрүн белгилеп кетким келет ", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий