• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Ата милициясы Красная-Речкадагы балдар үйүндөгү өспүрүмдөрдү жаңы жыл менен куттукташты

Аймак 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Красная- Речка айылында жайгашкан кароосуз калган балдардын интернат-мектебинде тарбияланган өспүрүмдөрдү келе жаткан жаны жылдык майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрам сайын Красная-Речка айылында жайгашкан интернат-мектептин тарбиялануучуларына Ысык-Ата РИИБүнүн кызматкерлери колдон келген жардамдарын көрсөтүп келишет. Бул жолу балдарга атайын белектер даярдалып, ар бирине таркатылды.

Ысык-Ата РИИБдүн жетекчилиги балдарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, ар бир өспүрүмдүн кубанычына ортоктош болуп, алардын көңүлдөрүн көтөрүү сыймык экенин айтып, буга чейин жүргүзүлүп келген мындай кайрымдуулук иш-чара дагы да улантылып, милиция кызматкерлери колдон келген жардамдарды берүүгө даяр экенин кошумчалашты.

Куттуктап келген конокторду күткөн балдар өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшүп, ыр ырдашып, майрамдык шаң тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий