• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин З-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Канулькулов Марат Эдильевич сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка и шке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет, - деп кабарлашты президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн.

Пикир

Оставить комментарий