• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Ата районунда 13 жаштагы Медина изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Медина Жумагазиева изделүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Жумагазиева 22-декабрда үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 159 см, орто дене түзүлүштө, чачы узун жана кара, кой көз, бетинде сепкилдер бар.

Кийими: кара түстөгү куртка, жинсы шым, бутунда уги.

"Кимде-ким Медина Жумагазиеванын кайда экендигин же издөөгө көмөктөшө турган маалыматтарга ээ болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 61 69 07, 0703 17 17 75 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий