• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Ата районунда аккумулятор уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунда аккумулятор уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын март айында Ысык-Ата РИИБине жергиликтүү жашоочулардан үч арыз келип түшкөн. Алар жүк ташуучу автоунааларынын аккумуляторун белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып жатканын билдиришкен.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы уурулуктар көбүнчө түнкүсүн болуп жатканы аныкталып, келтирилген чыгым 90 миң сомду түзгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган Ш.Г., Д.Д. жана 2004-жылы туулган О.Д. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Кармалган жарандардын Ысык-Ата районунун аймагында 3 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий