• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ысык-Ата районунда аккумулятор уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда аккумулятор уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-март күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Достук айылынын 40 жаштагы У.З. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 28-февралына караган түнү үйүнүн жанында токтоп турган жүк ташуучу автоунаасынан эки даана аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 27 жаштагы А.Т. жана 28 жаштагы М.А. аттуу жарандар кармалган.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандардын Красная-Речка айылындагы дагы бир аккумулятор уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий