• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Атада алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-июль күнү Ысык-Ата районунун ИИБине Новопокровка айылынын 1982-жылы туулган жашоочусу Б.К. арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек киши анын курулуш шайманын 40 миң сомго ижарага алып, 20 миң сомун берип калганын төлөбөй жана шайманын кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1984-жылы туулган Т.К. аттуу жаран кармалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий