• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Ата районунда бир нече аккумулятор уурдоого шектүү адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунда бир нече аккумулятор уурдоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 3-январында Ысык-Ата РИИБине 1986-жылы туулган А.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үйүнүн алдында токтоп турган унаасынын аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү иштери башталган.

Чүй ОИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде бул кылмышка шектелип 1996-жылы туулган Х.О. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында шектүү жарандын ушул сыяктуу дагы 3 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий