• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Ата районунда бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунда бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук кылмыштарына шектелип, 1982-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул боюнча Ысык-Ата РИИБине бир нече жаран арыз менен кайрылып, автоунаа тетиктерин, темир түтүктөрүн, темир отургучтарын жана мүрзөдөгү темир отургучтарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдиришкен.

Жогорудагы фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы жаран шектүү катары кармалып, анын дагы төрт кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий