• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Ата районундагы бир нече уурулукка шектелип 19 жаштагы 3 жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы бир нече уурулукка шектелип 19 жаштагы 3 жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Ысык-Ата РИИБине Дружба, Ивановка, Милянфан айылынын жашоочуларынан уурулук фактысы боюнча арыздар катталган. Анда 2022-жылдын 15-январынан 20-январына чейинки убакыт аралыгында үйүнүн короосунда токтоп турган «ВАЗ 2106», «Вольво» жана «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү автоунаалардын аккумуляторлору жана тетиктери белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалганы айтылып, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

Ысык-Ата РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине уурулук беренеси менен 6 факты катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Токмок шаарынын жашоочулары 19 жаштагы Б.М., М.А. жана Ж.Э. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий