• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ысык-Ата районунда мал уурулугуна шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда мал уурулугуна шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-ноябрь күнү Ысык-Ата РИИБине 1973-жылы туулган М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрынан 25-ноябрга караган түнү анын эки баш бодо малын белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин соттолгон 1999-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдары учурунда уурдалган малдар табылып, ээсине кайтарылып берилген. Ал эми кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий