• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Ата районунда мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылында мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 21-ноябрда Ысык-Ата райондук милициясына телефон чалуу болуп, Таш-Башат айылында адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирилген. Өлтүрүлгөн жаран 1974-жылы туулган Д.К. болгон, анын бир нече ирет бычакталган сөөгү жерге көмүлгөн абалда табылган.

Милиция “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Белгилүү болгондой Д.К. 2022-жылдын 18-октябрынан тартып дайынсыз болуп жаткан.

Аталган кылмы иши боюнча шектүү катары 1997-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу жайга камакка алынды.

“Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка мүлктүк талаш себеп болгону аныкталган. Тергөө иштери уланууда”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий