• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ысык-Ата районунда өрт кырсыгын алдын алуу максатында машыгуу өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын Ысык-Ата райондук ӨК бөлүмү жана Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери менен биргеликте Буденовка айылындагы Буденовка орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.

Машыгууга 1 даана атайын өрт өчүрүү техникасы, 7 күжүрмөн эсеп, Мамэкотехинспекциянын 3 кызматкери, Ысык-Ата РИИБнөн 2 кызматкер, тез жардам кызматы тартылган.

Өрт-тактикалык машыгуунун жүрүшүндө 827 окуучу эвакуацияланган.

"Сценарий боюнча 2 окуучу мектептин ичинде калып, 1 окуучунун мектептин 2-кабатынан 3 муундуу өрт шатысы менен куткаруу, ал эми экинчи окуучуну окуу бөлмөсүнөн куткарып, тез жардам кызматына өткөрүп берүү каралган", - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

ӨКМдин кызматкерлер тарабынан окуучуларга жана мугалимдерге өрт коопсуздук эрежелери жана Жарандык коргонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий