• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Ата районунда түтүнгө ууланып бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Ысык-Ата районунда түтүнгө ууланып бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры, от жагуучу жана уктоочу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1959-жылы туулган Х.А. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий