• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Ата районунда жаңы бала бакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 22-апрель /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекованын катышуусунда Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылындагы Осмон Лайлиев атындагы мектептин базасында жаңы бала бакчанын ачылуу аземи болду. Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы билдирди.

Белгилей кетсек, мугалимдер менен айыл тургундары КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго мектептин имаратынын бир тарабында бала бакча ачуу өтүнүчү менен кайрылгандыктан, ал колдоого ээ болуп, аны ишке ашырууга каржылык жардам да көрсөтүлгөн. Бала бакча 50 орунга ылайыкталып, анда балда ойноочу, тамактануучу, уктоочу бөлмөлөр жасалгаланып, зарыл шарттардын баары түзүлгөн.

Ачылуу аземинде депутат Гүлкан Молдобекова бала бакчанын ачылып жатканы айылдыктар үчүн өтө жагымдуу окуя болгонун белгиледи. «Бала бакчанын ачылышына катышканым үчүн абдан кубанычтамын. Өзүңөр билесиңер, сапаттуу билим алуунун башаты мектепке чейинки билим берүү мекемелери болуп саналат. Баары бала бакчадан башталат. Ошондуктан, Кең-Булуң айылынын эли үчүн бул окуянын мааниси чоң. Мамлекетибиз азыр билим берүү тармагын реформалоого, билим берүүнү жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө өзгөчөк көңүл бурууда», - деди ал.

Эл өкүлү ушу тапта өлкө аймагындагы 1524 бала бакчада 188 585 наристе тарбияланып жатканын, дагы бир катар бала бакчалар менен мектептердин курулушу башталганын белгиледи. Гүлкан Молдобекованын пикиринде, ошого карабастан, бала бакчалар дале жетишсиз. «Бул үчүн мамлекет наристелердин тарбиясына да өзгөчө көңүл бурууда. Балдар - биздин келечегибиз. Бул балдар мекемесинен келечекте өз элине кызмат кылчу мыкты улан-кыздар тарбияланып чыгышына тилектешмин», - деп кошумчалады ал.

Ал эми мектептин директору Б.Чекиев мугалимдер менен тарбыячылар жамаатынын атынан айыл тургундарынын демилгесине жакындан колдоо көрсөткөнү үчүн Жогорку Кеңешке, анын ичинде КСДП фракциясынын депутаттарына ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий