• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, үчөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, үчөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы Ленин көчөсүндө “ВАЗ-2107” жана “Mercedes-Sprinter” унаалары кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (1997-жылы туулган) каза болуп, 3 адам жабыркаган (аты жөндөрү такталууда).

Жерине куткаруучулар барып, каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандар медицина кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий