• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.02.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Бишкек-Нарын-Торугарт" айланма унаа жолунун 51-чакырымында (Кең-Булуң айылы) "Ford Mondeo" үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1970-жылы туулган К.Т. аттуу эркек киши жана 1970-жылы туулган К.Ж. аттуу аял киши каза болгон.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий