• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айыл аймагынын 100 жылдык мааракеси белгиленди

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айыл аймагынын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1921-жылы негизделген Кең-Булуң айыл аймагында учурда 4 (2 башталгыч мектеп, 2 толук орто мектеп) мектеп, 1 бала бакча, 3 ФАП, 1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Айыл аймактын жашоочуларынын статистика боюнча 8306 адамды түзөт, бирок жашоочулардын так саны он миң адамдан ашуун. 17 улуттун өкүлү жашайт.

100 жылдык мааракенин алкагында Гидростроитель айылында футболдук аянтчанын жана асфальт төшөлгөн Гагарин көчөсүнүн ачылышы болду.

Мааракеге жогорку деңгээлде даярдык көрүлүп, ар улут өзүнүн тамак-ашын, салт-санаасын көрсөтсө, расмий бөлүгү куттуктоо, сыйлыктарды тапшыруу аземи, концерттик программа менен коштолду.

Аймактын 100 жылдыгына Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нуралы Курмантаев, айыл өкмөт башчылары, Кант шаарынын мэри, райондук мекеме-түзүм жетекчилери, жергиликтүү калк жана коноктор катышты.

Пикир

Оставить комментарий