• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылында ФАП ачылды

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/.Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Катар мамлекеттик кайрымдуулук фонду аркылуу каржыланган ФАПтын курулушуна 4,5 млн сомго жакын акча каражаты жумшалган.

Ал эми өйыл өкмөтү тарабынан ФАПтын тегерегин курчоо, көрктөндүрүү иштери жасалды.

ФАПтын ачылышына Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуралы Курмантаев, Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Динара Сартбаева, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзарович, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бахадыр Сулейманов, Катар кайрымдуулук фондунун өкүлү Муша Аль Насер Аль Хажери, Ысык-Ата райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери Роза Мукаева , Кең-Булуң айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий