• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Атада 15 га куураган чөп күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. 2017-жылдын 27-август күнү саат 14:00 чамасында лыжа базасынын күн чыгыш тарабында тоодо болжол менен 15 га аянтта чычырканак, бадал жана куураган чөп күйгөн. КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, адам өмүрүнө зыян болгон эмес.

Өрттү өчүрүүгө КРнын ӨКМ Чүй облусу боюнча башкармалыгынан 5 кишиден турган ыкчам топ, КРнын ӨКМ Ысык-Ата райондук №27 ӨКБнөн 1 бөлүм, 17 адам, Бишкек шаардык №7 ӨКБнөн 1 бөлүм, 1 штаб, 8 адам, Аламүдүн райондук №1 ӨКБнөн 1 Авариялык куткаруу унаасы, Свердлов райондук №3 АӨКБнөн 10 адам, Биринчи май райондук №4 АӨКБнөн 11 адам, 1 жеке менчик унаа, Сокулук райондук №23 АӨКБнөн 1 Авариялык куткаруу унаасы 9 адам,КР ӨКМ Куткаруучуларды даярдоо борборунан 3 Камаз унаасы, 80 жоокер, КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 2 топ, 16 куткаруучу, Ысык-Ата райондук токой чарба башкармалыгынан 12 адам. Өрттү өчүрүүгө жалпысы 235 адам, 7 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Жеринде өрттү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, өрт саат 19:10до чектөөгө алынып, саат 20:35де толук өчүрүлгөн.

КР ӨКМнен 4 даана чатыр орнотулуп, жалпысы 112 куткаруучу жана КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан 4 адамдан турган Ыкчам тобу күзөткө калышкан.

Пикир

Оставить комментарий